20.04.2019 14:42

КСДП Юстиция министрлигинин алдында «Адилетсиз министрлик» аталышындагы акция өткөрөт

КСДП Юстиция министрлигинин алдында «Адилетсиз министрлик» аталышындагы акция өткөрөт

КСДП  мүчөлөрү 22-апрелде Юстиция министрлигинин имаратынын алдында «Адилетсиз министрлик»   аталышындагы акция өткөрөт. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Анын айтымында, акция саат 10:00дө башталып, ага КСДПнын мүчөлөрүнөн башка жарандык активисттер, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышат.

«Буга чейин бир топ экономикалык объектилерди, жеке ишканаларды рейдерлик жол менен басып алуу орун алса, эми кезек саясий партияларга келип жетти. Бүгүн КСДПны басып алууга аракет кылып жатышса, эртең башка партиялар да курмандыкка чалынышы мүмкүн. Буга байланыштуу Юстиция министрлигинин имаратынын алдында акция уюштурууну чечтик. Анткени өлкөдөгү мыйзамдуулукту биринчи кезекте аталган министрлик сакташы керек эле. Тилекке каршы, Юстиция министрлиги мыйзамсыз иштерге жол берип жатат», - деди Турдукулов.